Бишкекте ысык суу 22-апрелден тартып өчүрүлөт

22-апрелде Бишкекте ысык суу өчүрүлө турганын Жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында ЖЭБдин директору Алпбек Садыров билдирди.

Анын айтымында, иш 1-июнга чейин уланат. Буга чейин ысык суу бир айга өчүрүлүп келген.