Бишкекте Юнусалиев көчөсүнө асфальт басыла баштады

Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо боюнча жумуштар уланууда. Учурда Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Саманчин көчөсүнө чейинки аралыгына бир катмар асфальт басылды.
Канализациялык кудуктардын айланасы бетондолуп, катыгандан кийин экинчи катмарына таш мастик асфальт төшөлөт.
Юнусалиев көчөсү Сухэ-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт. Капиталдык оңдоонун алкагында жолдун асфальт катмарын жаңылоо, бордюрларды алмаштыруу, айрым тилкелерди кеңейтүү, коммуникациялык чубалгыларды жер астынан алып өтүү боюнча жумуштар аткарылат. Аталган көчөдө жолду капиталдык оңдоо боюнча негизги жумуштарды 31-августка чейин аяктоо мерчемделген.