Бишкекте Юнусалиев көчөсүнүн 2 кесилиши убактылуу жабылат

Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

12-13-сентябрда Юнусалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишин унаа кыймылы үчүн жабык болот. 13-14-сентябрда Юнусалиев-Медеров көчөлөрүнүн кесилиши жабык болот. Ал эми 14-сентябрда Юнусалиев көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн ачылат.