Бишкекте Закирбек Бексыргаев 2 жумадан бери дайынсыз болуп жатат

12-февраль күнү Ленин РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Анда 11-февраль күнү Арча-Бешик конушунда жайгашкан үйлөрдүн биринен арыздануучунун баласы 1989-жылы туулган Закирбек Бексыргаев үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендиги айтылып, көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Кийген кийимдери: кара куртка капюшону менен, кара шым, кара бут кийим.

​Белгилери: бою болжол менен 170-175 смантиметр, арык чырай, чачы кара кыска, көзү кара.

Закирбек Бексыргаевге байланыштуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар, анда төмөнкү номурлар аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз: 0(312) 252-605, 0(777) 869-797, 0(700) 869-797, 0(773) 909-465, ошондой эле кыска “102” номуруна.