Бишкекте Жаңы жылда көз жоосун алган фейерверк болбойт

Бишкек мэриясы быйыл Жаңы жылдык салют уюштурбай, андан тышкары шаарды кооздоого жасалгаларды сатып албай турган болду. Бул туурасында вице-мэр Айжан Чыныбаева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Жаңы жылдык фейерверктен жана жаңы жасалгаларды сатып алуудан баш тартууну чечтик. Шаардын көчөлөрүн жана башкы аянтты кооздоо үчүн колдонууга мүмкүн болгон жана көрүнүктүү жасалгалардын бардыгы колдонулат», — деп жазган вице-мэр. Шаар башчысынын орун басары  үнөмдөлгөн акчага ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ардагерлерге белек-бечкек сатып алынарын айтты.