Бишкекте жапырт электр энергиясы өчүп калышынын себебин УКМК териштирет

Өткөн аптада Бишкек шаарында жапырт электр энергиясы өчүп, Жылуулук электр борборун ак буу каптаган. Мунун себебин мекемелер бири-бирине топ кылып жатканы үчүн УКМК териштирмей болуп жатат. Бүгүн вице-премьер Равшан Сабиров ЖЭБге дагы барып, жыйын өткөрдү.

“Электр станциялары” ишканасынын директору Жолдошбек Ачикеевдин айтымында, кырсыктын өнүгүүсүн борбордун автоматтык коргоо жабдуу системи токтотуп калган. “Түндүк электрге” караган 110 киловольттук кабелдик линиялары чапташып калганы аварияга себеп болгон деп Ачикеев айтса, “Түндүк электр” ишканасынын өкүлү Темиркул Дайыров ал линиянын кырсыкка тиешеси жок деди. Жыйындын соңунда “Электр станциялары” ишканасы менен ЖЭБдин жетекчилиги жылытуу мезгилинде көйгөй болбойт деп убада беришти. Ошондой эле Равшан Сабиров жогорудагы кырсыкка күнөөлүүлөрдү аныктоого УКМК, Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекцияга 3 күндүк мөөнөт берди.