Бишкекте «Ак-Кула» ат майданын шаардын четине көчүрүүгө каршы митинг өтүп жатат

Бүгүн, 17-февралда Бишкек шаарынын тургундары “Ак-Кула” ат майданын шаардын четине көчүрүүгө каршы митингге чыгышты.

Андагы 100гө чукул жаран шаардык мэрия ат майданды шаардын сыртына көчүргөнү жатканын айтышып, президенттен “Ак-Кула” ат майданы ордунда калтырууну талап кылып чыгышкан.

Ал арада Бишкек шаардык мэриясынан вице-мэри Руслан Акылбеков митингчилерге келип жолугуп, “Ат майдан эч кайда көчүрүлбөйт”,- деп убада берди.

“Ат майдан көчүрүлөт деген маалымат  туура эмес маалымат. Чындыкка дал келбеген сөздөр тарап кеткен экен. Ат майдан эч кайда көчүрүлбөйт. Оңдоп түзөө иштерине байланыштуу тендер жарыяланган. Мэрия жер сатат деген ойдон алыс болуңуздар! Мэрия, Өкмөт элдин көйгөйүн чечкени келген. Бул маселе чечилди деп ойлойм”,— деп сүйлөгөн вице-мэр чогулгандарга.

Белгилей кетсек, “Ак кула” ат майданы 1979-жылы курулган. Ал 57 гектар аймакты ээлейт жана Бишкек мэриясына карайт.

Бирок  буга чейин вице-мэр Жамалбек Ырсалиев «Биринчи радиого» берген маегинде борбор калаадагы “Ак-Кула” ат майданын шаардын сыртына көчүрүү маселеси каралып жатканын айткан болчу.