Кечээ, 21-майда көрүнүктүү педагог, Бишкек шаарындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, мамлекеттик сыйлыктардын кавалери, билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер Ефим Борисович Якир дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
«1966-жылдан тартып №61 орто мектепте иштеп, ал өзүн таланттуу математика мугалими жана мыкты уюштуруучу катары көрсөттү. Директордун орун басары кызматында ал бул мектептин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон, анын аракетинин аркасында ал республикадагы биринчи физика-математикалык мектептердин бири болуп, кийинчерээк Советтер Союзунун алдыңкы адистештирилген окуу жайларынын бирине айланган.
1993-жылы АКШга көчүп кеткенден кийин да, Ефим Борисович жыл сайын Бишкекке келип, мекени жана өз мектеби менен байланышын үзгөн эмес — окуучулары менен байланышын сактап, өзүнүн бай тажрыйбасы менен бөлүшүп, көптөгөн муундарга адептүүлүктүн жана акылмандыктын үлгүсү болуп кала берди»,— деп айтылат маалыматта.