27-августтан тарта №8 троллейбустук каттам кыймылын жарым-жартылай өзгөртүү менен ишин жандантат. №8 троллейбус Ак-Өргө конушунан Мамлекеттик циркке чейин каттайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ошондой эле, №4 автобустук каттамдын акыркы аялдамасы Келечек жаңы конушуна чейин узартылды. Маршруттун калган бөлүгү өзгөрүүсүз калтырылды.
Оңдоо иштерине байланыштуу №7 троллейбустук каттам убактылуу жабылат. Мындан тышкары, маршруттук тармакты оптималдаштыруу максатында №222 автобустук каттамдын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү.











