Бишкектеги № 24 мектепте окуучулар менен мугалимдер эвакуацияланып жатат

Бишкекте бүгүн, 6-декабрда Аалы Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназиясынан балдар жана мугалимдер эвакуацияланды.

Биринчи Май РИИБден билдиргендей, бомба бар делген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.