Бишкектеги № 67 мектеп-гимназиясынын окуучулары дагы эвакуацияланып жатышат

Бишкектеги № 67 мектеп-гимназия кайрадан эвакуацияланды. Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирди.

Анын айтымында, окуучулар менен мугалимдер мектептин стадионуна чыгышкан. 

Кечээ, 18-декабрда да бомба бар делген маалыматтан улам бир нече мектеп эвакуацияланган.