Бишкектеги №1 төрөт үйү 1 айга жабылат

Бишкектеги №1 төрөт үйү бир айга оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин адиси Раиса Асылбашева билдирди.

Анын айтымында, чечим буйрук менен бекитилген. Төрөт үйү 18-июлдан 15-августка чейин иштебейт. Төрөт үйүнүн чатырын жана төрөт бөлүмүн оңдоо иштери жүргүзүлөт. Асылбашева белгилегендей, бейтаптарды кабыл ала турган төрөт үйлөрүнүн нөөмөт графиги даярдалган.