Бишкектеги №102, №145 жана №169 автобустардын кыймылы өзгөрдү

3 автобустук каттамдын кыймылы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

17-сентябрда коомдук транспорт кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт. Тактап айтканда, №102, №145 жана №169 автобустар жаңы схема боюнча убактылуу иштейт. Горький көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилген. Бишкек шаарынын мэриясы учурдагы убактылуу кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.