Бишкек шаарында 1-февралдан тарта №145 жана №169 жаңы автобус каттамдары ишке кирет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
№145 автобус Көк-Жар конушунан Маевка айылына чейин каттайт. Узундугу 33 чакырым, автобустардын аралыгы 6-8 мүнөт. Бул линияга 14 автобус чыгат.
№169 автобус Ак-Ордо конушунан Шоро компаниясына чейин жүрөт. Анын узундугу 47 чакырым, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 12 мүнөттү түзөт. Каттамда 14 автобус кызмат көрсөтөт.
14 автобус жетишпейт го,жок эле дегенде 30 автобус болуш керек эле.
218 маршрутту дагы автобус кылса жакшы болот эле