Бишкектеги №145 жана №169 каттамда кичи автобус эмес, автобустар жүрө баштайт

Бишкек шаарында 1-февралдан тарта №145 жана №169 жаңы автобус каттамдары ишке кирет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Буга чейин бул каттамдарда кичи автобустар иштеп келген. Эми анын ордуна ушундай номурлуу автобустар жүрө баштайт. Аларды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт.

№145 автобус Көк-Жар конушунан Маевка айылына чейин каттайт. Узундугу 33 чакырым, автобустардын аралыгы 6-8 мүнөт. Бул линияга 14 автобус чыгат.

№169 автобус Ак-Ордо конушунан Шоро компаниясына чейин жүрөт. Анын узундугу 47 чакырым, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 12 мүнөттү түзөт. Каттамда 14 автобус кызмат көрсөтөт.