Бишкектеги №222 автобустун кыймылынын схемасы өзгөртүлдү

Бишкек шаарында 9-августтан тартып №222 автобустун кыймылынын схемасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Каттамдын схемасына Кара-Жыгач конушу киргизилди, бирок акыркы аялдамалар өзгөрүүсүз калды.

Белгилей кетсек, өзгөртүүлөр борбор калаа тургундарынын кайрылууларынын негизинде киргизилген.