Бишкектеги №23 мектеп жабылды

Борбор калаанын мэриясы №23 мектеп жабылганын билдирди. Учурда аталган мектептин айрым блокторуна сейсмикалык институттун корутундусуна байланыштуу №23 мектептин маселеси мыйзамдарга ылайык тиешелүү адистер тарабынан изилденип жатат.

«Эгерде бул мектепти бузуу чечими кабыл алынса, ал бузулуп, заманбап талаптарга ылайык жаңы мектеп курулат. Окуучулардын үзгүлтүксүз билим алуусун уюштуруу максатында күзгү каникул аяктагандан кийин окуучуларды башка мектептерге бөлүштүрүү иштери жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.