Бишкектеги №34 автобустун кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү

Бишкек шаарында транспорттун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана жол кыймылын оптималдаштыруу максатында №34 автобустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Буга чейин автобустар Курманжан Датка көчөсү – Жибек-Жолу проспектиси – Ибраимов көчөсү — Чүй проспектиси менен жүрчү.

Эми каттам Курманжан Датка, Салиева, Сүйүмбаев көчөсү жана Чүй проспектиси менен өтөт.