Бишкектеги №35 мектептин мугалимдери менен окуучуларына 100 хромбук тапшырылды

Кечээ, 15-январда Бишкек шаарындагы № 35 орто мектепте Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жаткан Google пилоттук долбоорунун алкагында 100 хромбук тапшырылды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаеванын айтымында, бул пилоттук долбоорго № 35 мектептин 6-11-класстарынын окуучулары катышып жатат. Окуучулар жеке компьютер менен камсыз болуп, мугалимдер менен компьютер аркылуу баарлашууга мүмкүнчүлүк алышат.
«Хромбук Google системасы менен иштейт, вирустары жок, интернетке коопсуз чыга алат. Борбордук башкаруу аркылуу окуучунун кайсы жана кандай материалдар менен иштеп жатканын мугалим өзү көзөмөлдөйт. Дүйнө жүзүндөгү окуучулардын 70 пайызы ушундай хромбуктарды колдонушат», – деди Лира Самыкбаева.