Бишкектеги №36 автобустун каттамы өзгөрдү

№36 автобустун маршруту өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Аймактын тургундары менен макулдашылып кабыл алынган чечимге ылайык, автобус эми Ак-Ордо конушу менен Өскөн-Ордо конушунун ортосунда каттайт. Осмонкул көчөсүндөгү «Шоро» компаниясы автобустун маршруттук линиясынан алып салынды. Анын ордуна Жибек Жолу проспектинен түз эле Ауэзов көчөсү аркылуу Аламүдүн-1, Учкун, Туңгуч, Өскөн-Ордо конуштарын аралап өтө турган болду.