Бишкектеги №63 мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү

Бүгүн, 28-мартта саат 09:43 чамасында милицияга №63 мектеп-гимназиясынын аймагына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. 

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу барып, дароо мектептин аймагын курчоого алышкан. Мектеп окуучулары жана мектепте иштегендер эвакуацияланган.