Бишкектеги №67 мектепте эвакуация жүрүп жатат. Мэрия маалымат берди

Бишкектеги №67 мектепте окуучуларды эвакуациялоо иштери жүрүп жатканы тууралуу окуянын күбөлөрү жазып чыгышты. Бишкек мэрия окуя боюнча маалымат берди.

Маалыматка караганда, мэрияга №67 мектепте мина бар экендиги тууралуу мектептин электрондук почтасына кат келген. Мектеп жетекчилиги бул фактыны дароо милицияга билдирген. Милиция кызматкерлери №67 мектепке барышкан. Имаратта болгондордун баары эвакуацияланып, текшерүү иштери жүрүп жатат.