Бишкек шаарындагы №67 мектептин мыйзамсыз менчиктештирилген аянты 751,2 чарчы метр болгон имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«1988-жылы Бишкек шаарындагы №67 мектептин имаратынын базасында кошумча компьютердик кабинеттер — СССР илимдер академиясынын илимий-окуу комплексинин Фрунзедеги филиалынын Космос илим-изилдөө институтунун атайын конструктордук бюросунун муктаждыктары үчүн 11 окуу кабинети (1-кабат) жабдылангандыгы аныкталган.
Андан соң, социалдык объектилер үчүн менчиктештирүү жол-жобосун жүргүзүүдө белгиленген тартипти бузуу менен жайлар жеке менчикке сатылган. УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогоруда аталган окуя ырасталган учурда мекеменин учурдагы ээси менчиктештирүү учурундагы мыйзам бузуулар фактысы менен макул болгон жана жайды мамлекеттин менчигине акысыз өткөрүп берген,»- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган жай учурда мектеп окуучуларын ЖРТга даярдап жана бул жаатта репутацияга ээ болуп билим берүү мекемеси тарабынан пайдаланып жаткан.
Ал эми билим берүү мекемесинин бүтүндүгүн эске алуу менен ал жайларды мындан ары пайдалануу үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен түзүлгөн келишимдин негизинде кыска мөөнөттүү ижарага алууга укуктуу.