Бишкектеги №67 мектептин окуучулары эвакуацияланып жатканы маалымдалды

Бишкектеги №67 мектептин окуучулары эвакуацияланып жатат. Бул тууралуу соцтармак колдонуучулары жазып жатышат.

Ата-энелердин айтымында, азырынча эмне болуп жатканы тууралуу маалымат жок.

Буга чейин дагы аталган мектепте эвакуация иштери жүргүзүлгөн. Мэрияга №67 мектепте мина бар экендиги тууралуу мектептин электрондук почтасына кат келген. Милиция кызматкерлери №67 мектепке барышкан. Имаратта болгондордун баары эвакуацияланып, текшерүү иштери жүргүзүлүп, натыйжасында жардыруучу зат аныкталган эмес