Бишкектеги №67 мектептин окуучусунан кургак учук аныкталды

Бишкектеги №67 мектептин окуучусунан кургак учук аныкталды. Маалыматты мэриядан тастыкташты.

«7-мартта 67-мектептин окуучусунан кургак учук аныкталгандыгы боюнча санитардык корутунду келип түшкөн. Ошонун негизинде мектеп жетекчилиги тиешелүү класска жергиликтүү медициналык кызматкердин катышуусунда ата-энелер чогулушун өткөрдү. Мектеп 11-марттан баштап эки күндүк онлайн окутууга өттү. 12-мартта Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык санитария борбору мектепте дезинфекциялоо иш-чараларын жүргүздү. Мектеп жетекчилиги жогорудагы окуучу менен байланышта болгон мектептин окуучулары жана мугалимдерин рентгенге тартуу маселесин көзөмөлгө алды», — дешти.