Бишкектеги №70 мектеп-гимназиясы карантинге жабылды

Коронавируска байланыштуу борбор калаадагы №70 мектеп гимназиясы убактылуу кайрадан жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мэриянын айтымында аталган мектептен эки окуучудан жана эки мугалимден коронавирус аныкталган. Мындан улам Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемеси мектепти жабууну сунуш кылган.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында коронавируска байланыштуу 2020-жылдын март айында мектептер толук жабылган. Кийинчерээк илдет турукташып калганда 1, 5, 9 жана 11-класстын гана окуучулары кадимки тартиптеги окуу процессине өтүшкөн. Ал эми калган класстар азыркы убакка чейин аралыктан окууну улантып жатышат.