Бишкектеги №9 троллейбустун маршруттук каттамы убактылуу жабылды

Бишкекте 7 троллейбустун каттамы өзгөрүп, 9 троллейбустун маршруттук каттамы убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо» II фаза долбоорунун алкагында, Асаналиев көчөсү боюнча, Красный көчөсүнөн баштап Лев Толстой көчөсүнө чейинки аралыкта Д-1000 мм канализациялык коллекторунун курулуш-монтаждоо иштерин баштоо пландалууда. Ошол себептен, 2023-жылдын 6-январынан тарта №7 троллейбустун маршруттук каттамы Лев Толстой көчөсү менен каттайт. Ал эми №9 маршруттук каттамы убактылуу жабылат, оңдоо иштери болжол менен 2 айга уланат», — деп айтылат маалыматта.