Бишкектеги 1-класстын окуучулары үчүн кошумча каникул болот

Бишкек шаарында 1-класстын окуучулары 12-февралдан тарта каникулга чыгарын мэриядан билдиришти. Алар 19-февралга чейин каникулда болушат.

1-класстын окуучулары үчүн кошумча каникулдар Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан белгиленген.