Бишкектеги 2 балдар ооруканасында кезек күткөндөр үчүн чатырлар тигилди

Бүгүн, 19-декабрда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев оорукананын амбулатордук-диагностикалык бөлүмүндөгү адистердин кабыл алуусуна кезек күтүү абалына мониторинг жүргүзүү максатында Бишкек шаарындагы Балдар клиникалык тез жардам ооруканасына барды. Ошондой эле, ооруканага барганда министр хирургиялык патологияга шектелген баланы текшерип, кеңеш берди.

Министрдин тапшырмасы менен аталган ооруканага 8 мобилдик госпиталь орнотулду. Мындай иш-аракет бейтаптардын агымын жөнгө салуу жана оорулуу балдардын ата-энелерине шарт түзүү максатында жүргүзүлүүдө. Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, бир суткада 451 бейтап кайрылса, анын ичинен 51 бала ар кандай оорулар менен жаткырылып, калганы адистин кеңешин алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Күнүнө 13төн дарыгер нөөмөттө турат, нөөмөттөгү дарыгерлердин санын 15ке жеткирүү пландалууда.

«Оорулуу баланы экиден кем эмес адам коштоп жүргөнүн баарыбыз билебиз. Бул дагы оорукананын коридорлорунда кошумча кезекти жаратууда. Кесиптешим Өзгөчө кырдаалдар министри менен макулдашуу боюнча февраль-март айларына чейин иштей турган көчмө госпиталдар уюштурулду. Тез жардам боюнча Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун экинчи базасында Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге жана ВИЧке каршы күрөшүү боюнча республикалык борбордун көчмө клиникалары иштейт. Мобилдик клиникада УЗИ жана ЭКГ аппараттары бар, бейтаптардын агымы көп болгон учурда кезек күтүүнү азайтуу үчүн колдонулат», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.