Бүгүн, 9-июлга караган түнү Койбагаров көчөсүндөгү №1 турак жайдын түндүк тарабындагы жылуулук тармагынын бузулушуна байланыштуу №3 кичи райондогу №1, 2, 3, 3/2 турак үйлөрүнө ысык суу убактылуу өчүрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Учурда оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Саат 17:00гө чейин ысык суу берүү калыбына келтирилет.
«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.