Бишкектеги 4 жашар баланын өлүмү. Милиция текшерүү башталганын билдирди

Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо борборунун Онкология жана Гематология бөлүмүндө 4 жаштагы бала чарчап калган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги баланын атасы, спорт кабарчысы Токтомуш Жекшенбай уулу менен байланышканыбызда, уулунун өлүмүнө дарыгерди айыптаган.

Анын айтымында, дарыгер 4 жаштагы Рамил Жекшенбаевге кан тамырга сайылчу дарыны жүлүнгө сайып, анын кесепетинен бала каза тапкан. Рамил 2023-жылдан бери кан рагы менен жабыркап келген. Ошондой эле, уулу ак кан оорусун жеңип, акыркы дарысын алууга 13-декабрда жогоруда аталган ооруканага барышкан.

Бул окуя боюнча Ленин РИИБ маалымат таратып, текшерүү иштери башталганын билдирди. «Бул факты Ленин РИИБге катталып, текшерүү иштери башталды», — дешти.