Бишкектеги 44 мектепте сабактар 7:30да башталат

Мэрия маалымат таратып, Бишкектеги 44 мектеп сабактарды 7:30да баштамай болгонун билдирди.

«Кабыл алынган токтомдун алкагында, окуу сааттары эртең мененки саат 8:00дөн эрте башталышы мүмкүн экендиги белгиленген. Бүгүнкү күндө 103 муниципалдык мектеп 198 миң 129 балага билим берет, алардын долбоордук кубаттуулугу сменасына 89 миң 893 окуучуга туура келет. 14 муниципалдык мектепте окуу 3 нөөмөт менен жүргүзүлөт, дагы 14 мектепте окуу саат 7:30да башталат», — деп айтылат маалыматта.

Жаңы 2024-2025-окуу жылында дагы 30 мектепте саат 7:30дан баштап окутуу пландалууда. Ошентип, иштеп жаткан муниципалдык мектептердин 42 пайызы же 44 мектеп эртең мененки саат 7:30дан баштап окууга өткөрүлөт.