Бишкектеги Абдрахманов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги объекттер алынат

Борбор калааны көрктөндүрүү жана жашыл аймактардын санын көбөйтүү максатында Бишкектеги Жусуп Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде гүл бакча куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

№176 үйдүн жашоочуларынын өтүнүчү менен көп кабаттуу үйдүн маңдайындагы жеңилдетилген типтеги объектилерди алуу иштери башталды. Соода түйүндөрүнүн ээлери менен түшүндүрүү иштери өткөрүлдү, алар үчүн шаардыктарга ыңгайсыздык жаратпай турган башка жер каралат. Киев көчөсүндөгү «Ордо» бизнес-борборуна чейинки бардык объекттер алынат. Мындан тышкары, коомдук транспорт үчүн заманбап аялдама комплексин орнотуу пландалууда, жылуу бөлмө, жүздү аныктоочу видеокөзөмөл камералары менен.