Бишкектеги Абдымомунов көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык

Бишкектеги Абдымомунов көчөсү Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери аяктады. Оңдолгон участоктун жалпы узундугу 620 метрди түзөт. Реконструкциядан кийин жолдун туурасы 8 метр, тротуардын туурасы 1,5 метрден 3 метрге чейин жетет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда башкармалык тарабынан борбор калаанын 22 көчөсүндө курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Жалпы узундугу 15,55 чакырымды түзгөн 12 көчөдө асфальт-бетон төшөлмөнүн үстүңкү жана төмөнкү катмарын төшөө иштери жүрүп жатат:

— Аламүдүн дарыясына көпүрө куруу менен Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин;
— Ак-Босого жаңы конушундагы Архитектор көчөсү Киргизская көчөсүнөн көпүрө куруу МККга чейин;
— Баба-Ата көчөсү Бакаев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин;
— Энесай конушундагы Култегин көчөсү вокзалындагы Гидростроителей көчөсүнөн Энесай-20 көчөсүнө чейин;
— Кривоносов көчөсү Лев Толстой көчөсүнөн Тойгонбаев көчөсүнө чейин;
— Коенкөзов көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Чуйков көчөсүнө чейин;
— Маликов көчөсү Гагарин көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин;
— Шералиев көчөсү Жайыл Баатыр көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
— Жайыл-Баатыр көчөсү Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;
— Шабдан-Баатыр көчөсү Ауэзов көчөсүнөн Миң-Булак көчөсүнө чейин;
— Кулатов көчөсү Каракульская көчөсүнөн Байтик-Баатыр көчөсүнө чейин;
— Турусбеков көчөсү-Манас көчөсү Ташкент көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейин.