Бишкектеги «Ала-Арча» соода борборунда жарандар эмнеге эвакуацияланды?

Бишкектеги «Ала-Арча» соода борборунда ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан атайын машыгуу өттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Машыгууда сценарийдин негизинде өрт чыгып, имараттын ичинен соодагерлер жана жарандар эвакуацияланды. Бул учурда жарандар тарабынан жасалуучу алгачкы кадамдар, эвакуация жолу, алгачкы жардам көрсөтүү боюнча эрежелер жана коопсуздук көндүмдөр практикалык негизде үйрөтүлдү. Машыгууга бир күжүрмөн эсеп (өрт өчүрүүчү унаа) тартылды.