Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында коронавируска каршы эмдөө жүрүп жатат

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында калкты коронавируска каршы эмдөө жүрүп жатат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, эмдөө Кытайдан алып келинген «Синофарм» вакцинасы менен жүрүүдө. Эмдөө акысыз, вакцина алуу үчүн бир гана паспорт ала баруу зарыл.

Бүгүн, 11-июлда Кытайдан 1 миллион 250 миң доза вакцина алып келинди. Буга чейин республикалык бюджеттин эсебинен 1 миллион 100 миң доза вакцина сатып алынгандыгы, 150 миңин кытай тарап акысыз бергендиги маалымдалган.