Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында парад өтүп жатат

Бүгүн, 1-ноябрда «Ала-Тоо» аянтында кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине арналган парад өтүп жатат. Иш-чарага өлкө башчысы Садыр Жапаров катышууда.

Буга чейин парадга 1872 милиция кызматкери тартылары айтылган. Мындан тышкары көрүүчүлөргө советтик милициянын машиналары көрсөтүлөт.