Бишкектеги «Аламүдүн» базарынын соодагерлери да митингге чыгышты

Бүгүн, 1-декабрда Бишкектеги «Аламүдүн» базарынын соодагерлери да митингге чыгышты.

Алардын айтымында, аталган жайга «Таатан», «Азиз», «Чынар» базарларында иштеген ишкерлер да келүүдө. Соодагерлер бийликтен патент менен иштөөгө уруксат берүүнү жана төлөмдөр үчүн кассалык машиналарды колдонуу милдеттенмесин жокко чыгарууну талап кылууну улантууда.

Кечээ, 30-ноябрда “Дордой” базарынын айрым соодагерлери нааразылык акцияга чыгышкан. Алар базарга киргизилген өзгөчө салык режими ишкерлердин түйшүгүн көбөйткөнүн, айрыкча тигүү тармагында жүргөндөрдүн ишинин тартибинде түшүнбөстүктөр көп экенин айтып жатышат. Соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылышууда. «Дордой» базарынын соодагерлеринин аркасынан эле «Мадина» жана «Орто-Сай» базарынын соодагерлери да митингге чыгышты. Алар да патент системасын калтырууну талап кылышты.

Ал эми 29-ноябрда Ошто «Кара-Суу» базарында иштегендер ККМ аппараттарын колдонууга каршы митингге чыгышкан болчу. Алар контейнерлерин жаап, ККМ аппараттарын колдонууга каршылыгын билдирүү максатында мэрияга барышкан эле.