Бишкектеги автобустардын ылдамдыгы саатына 60 чакырымдан ашпайт

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы» муниципалдык ишканасында мэрдин орун басары Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы алдында ишкананын ишин жакшыртуу жана көйгөйлөрдү чечүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Жолугушууга транспорт департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков, «БЖАИ» муниципалдык ишканасынын директору Бакыт Темикеев, ишкананын кызматкерлери, автоколонналардын башчылары жана айдоочулар катышты. Жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочуларды жол эрежелерин сактоого мажбурлоо максатында «БЖАИ» муниципалдык ишканасынын автобустарына ылдамдыкты чектөө программасын орнотуу чечими кабыл алынды. Эми шаардагы автобустардын ылдамдыгы саатына 60 чакырымдан ашпайт. Жаңы программа ылдамдыкты гана чектебестен, катуу токтотууну, GPS-трекерин мыйзамсыз өчүрүүнү жана айдоочулардын айдоо ыкмасын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Максатбек Сазыкулов Бишкектин автобустарында накталай эмес төлөм жүргүзүү боюнча буйрукту ишке ашыруу маселесин көтөрдү. Мэрдин орун басары жол эрежесин, ылдамдыкты сактабаган айдоочуларды, жүргүнчүлөргө орой мамиле жасап, бир айда үч жолудан ашык эреже бузган айдоочуларды иштен бошотууга чейин тиешелүү жаза чараларын көрүүгө милдеттендирди. Кеңешмеде ошондой эле накталай эмес эсептешүү, коомдук транспорт кыймылы үчүн бөлүнгөн тилкелер, айдоочуларга талаптарды сактоо, тейлөөнү жакшыртуу жана көйгөйлөрдү жоюу маселелери талкууланып, бир катар сунуштар киргизилди.