Бишкектеги автовокзалдарда билеттерди алдын ала брондоо системасы ишке кирди

Бишкек шаарынын мэриясы борбордогу автовокзалдарда билеттерди алдын ала брондоо жана сатып алуу системасын ишке киргизди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бул система эл аралык жана шаарлар аралык каттамдар үчүн билеттерди расмий сайттан https://tezket.kg/ 10 күн мурун брондоого мүмкүнчүлүк берет. Сайт аркылуу маршрутту, кетүү күнүн жана жүргүнчүлөрдүн санын көрүүгө болот. Маршрут тандалгандан кийин анкета толтурулуп, билет үчүн төлөм жүргүзүлөт. Учурда кадимки тартипте “Бишкек автовокзалы” (Алма-Ата көчөсү, 1/1) жана убактылуу иштеп жаткан батыш автовокзалы (“Ак-Кула” ат майданынын жанында) иш алып барууда.

“Бишкек автовокзалына” төмөнкү муниципалдык транспорт каттамдары жүрөт:

• Автобустар: №13, №34 жана №8(Т)
• Микроавтобустар: №123 жана №128

“Ак-Кула” ат майданына төмөнкү автобустар каттайт:

• №13, №40 жана №32