«Тазалык» ишканасы шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Ишкананын кызматкерлери шаардын бардык райондорунда аялдамаларды жууп-тазалоону улантууда.
Сиздер көрүп турган Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эң чоң аялдамалардын бири жуулуп-тазаланды. Буга чейин бул аялдаманын ичине атайын таштандыны иргөөчү урналар коюлган. Бирок урнанын айланасын булганып, тазалык сакталган эмес. Ошондуктан урналар алып салынды.












