Бишкектеги аянтта аскердик параддын генералдык машыгуусу өттү (видео)

Бүгүн, 6-майда Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик параддын генералдык машыгуусу ийгиликтүү өткөрүлдү.

Машыгууга Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Улуттук гвардиянын жана башка күч түзүмдөрүнүн аскер кызматчылары катышты. «Ала-Тоо» аянтында сап түзгөн жоокерлер жана заманбап аскердик техникалар майрамдык салтанатка даяр экендигин көрсөтүштү. Аскердик парад 8-майда өтөт.