Кечээ, 8-сентябрда социалдык тармактарда бала бакчада тартылган видео тараган. Анда боткодон курттарды көрүүгө болот. Видеодогу аял балдарга тамакты «жебегиле» деп айтканын көрүүгө болот.
Мэрия бул боюнча комиссия түзүлүп, иликтөө башталганын билдирген. Ал эми бала бакчанын директору бала бакчада бардык азык-түлүк жаңы экенин айткан.
Журналисттерге Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынан 12-кичи райондогу №173 бала бакчанын директору кызматынан бошотулганын билдиришти.
Билим берүү башкармалыгы бала бакчада тамак-аш сактоо эрежелеринин бузулушун текшерүү үчүн комиссия түздү. Комиссия мыйзам бузууларды аныктап, андан кийин бала бакчанын директору кызматтан алынган.