Бишкектеги балдар үйүнөн качкан 14 жаштагы Кристина Суханова менен Умар Анарбаев изделип жатат

Бишкектеги Курчатов көчөсүндө жайгашкан балдар үйүнүн тарбиялануучулары изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-июль күнү саат 12:30 чамасында 2011-жылы туулган Суханова Кристина Михайловна жана Умар Анарбаев балдар үйүнөн чыгып, кайтып барышкан эмес.

Кимде-ким сүрөттөгү өспүрүмдөрдү көргөн болсо, 0 312 35 29 47, 0 555 32 29 90 номурларына чалсаңар болот.