Бишкектеги бардык үйлөргө ысык суу жана жылуулук берилгени маалымдалды

Учурда бардык абоненттер жылытуу жана ысык суу системасына кошулган. Бул тууралуу «Бишкек жылуулук тармагынын» жетекчиси Уран Раимбеков билдирди.

«Бардык үйлөргө жылуулук берилди. Ошондой эле 63 саламаттыкты сактоо мекемелери, анын ичинде бардык төрөт үйлөр, 84 бала бакча жана 54 мектеп жылытуу системасына кошулду. Бардык социалдык объекттер жана 59 ири объект жылуулук жана ысык суу менен камсыздалды. Азыркы учурда система Бишкек шаарынын ЖЭБи тарабынан берилген факты боюнча параметрлерге ылайык иштеп жатат», — деди ал.