Бишкектеги бассейнге чөгүп кеткен жигиттин апасы арыз жазды

Бишкектин Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан бассейндердин бирине жаш жигит чөгүп каза болгондугун Октябрь РИИБден тастыкташкан.

Милицияга 22-октябрда саат 19:40та чакыруу түшкөн. Бул факты каттоого алынган. Милиция каза болгон жигиттин 20 жашта экенин тактаган. «Жигиттин апасы эч кимге доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан»,- дешкен милициядан.

Бүгүн, 29-октябрда Октябрь РИИБге кайрылганыбызда, каза болгон жарандын апасы 28-октябрда арыз менен кайрылганын билдиришти. «Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен акыркы юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.