Бишкектеги батирден 91 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылды

Бишкектеги батирден жансыз дене табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучулар Ленин районунун Токтогул көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 91 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.