Бишкектеги батирден 93 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылды

Бишкектеги батирден жансыз дене табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Октябрь районундагы 11-кичи районунда жайгашкан үйдүн эшиги ачылбай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар барган учурда батирдин ичинен 1928-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Эшик ачууга Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.