Бишкектеги Бердибаев көчөсү оңдоо иштерине байланыштуу жабылды

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Бердибаев көчөсү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасы Бердибаев көчөсүн Шералиев көчөсүнөн Садыбакасов көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо үчүн жапты. Жолдун узундугу 310 погон метрди, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метрди түзөт.

Арча-Бешик конушундагы жаңы жолго тротуар жана сугат лотоктору орнотулат.