Бишкектин Биринчи Май районунун башчысынын үч орун басарына сөгүш берилди

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун башчысынын үч орун басары жетиштүү иштебегендиги үчүн сөгүш алды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим райондук администрацияда анын башчысы Максат Нусувалиевдин жана Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбековдун төрагалыгы астында өткөн коллегиянын жыйынтыгында кабыл алынгандыгы белгиленди.

«Коллегиянын мүчөлөрү жетекчинин орун басарларынын алты ай ичинде аткарган иштери жана экинчи жарым жылдагы милдеттери боюнча көзөмөлгө алынган маселелер боюнча отчетун угушту. Коллегия жашыл аянттарды сугаруу боюнча жетишсиз иш алып баргандыгы, ошондой эле коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча жетишсиз иш жүргүзгөндүгү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын тартип комиссиясына МТУнун башчыларына жана райондун башчысынын үч орун басарына сөгүш берүү жөнүндө маселени киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды»,- деп айтылат маалыматта. 

Сөгүш алгандардын тизмесинде район башчысынын биринчи орун басары Сатыбек Каныбеков, ошондой эле социалдык маселелер боюнча орун басар Аида Рысбаева жана турак жай-коммуналдык маселелер боюнча орун басар Мавлян Аскарбеков бар.